super.kg logo

Футбол федерациясы күйөрмандарына расмий кайрылуу таратты

 

Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы футбол сүйүүчүлөрү жана күйөрмандарына расмий кайрылуу таратты.

"Футбол борборун куруу үчүн убактылуу пайдалануудагы жер тилкесин бөлүп берүү маселесин түшүнгүсү келбеген же "түшүнбөй жаткан" адамдар тарабынан жайылып жаткан бардык ушак-айыңдарга карабай, биз бейтарап маалыматты көрсөтүүнүн жардамы менен аларды жоюшубуз керек.

Мыйзамсыз жана чагымчыл аракеттердин (митинг) алдын алып, спорттун өнүгүү тагдырына кайдыгер карабаган бардык адамдарды, футбол сүйүүчүлөрү жана күйөрмандарынын кабатыр болуп жатканын түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы бардыгыңыздарды федерациянын жетекчилиги менен жолугушууга чакырат. Жолугушуу эртең, 30-декабрь күнү саат 10до Футбол үйүндө болуп өтөт. Ал Бишкек шаарынын Медеров көчөсүнүн (7-апрель (мурдагы Алма-Ата көчөсү) көчөсү менен кесилишинде) 1Б дарегинде жайгашкан.

Ар бириңиздердин колдооңуз менен биз өзүбүздү чоң күч сезип, бир гана укуктук талаада Кыргыз мамлекетинин футболунун өнүгүшү үчүн маселенин чечилишине түрткү берүүгө мүмкүн.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Футбол федерациясынын жетекчилиги грант берүүчүлөр жана башка жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында сүйлөшүүлөрдү баштады", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.12.2019. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мерия 3,5га болуп беребиз деп айтыптыр бирок футболный центрге 8-9га керек деп жатышыптыр
29.12.2019. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жер адистери же өкмөткө байланыштуу жерлерди алып иштетүү өтө кыйын коргонунун жарымын берип жаткандай тырышаттар
30.12.2019. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
8-9 гектарга биздин бийлик омурундо курулуш кура албайт, курган да эмес. Бекер эле иш башталат да бутпой жатат.
30.12.2019. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Билбейм Кыргызстандын келечеги кандай болот? Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин өнүккөнүн көрүп көзүң эле эмес бар жогуң күйүп кетет.Биздин чоңдор кошуна мамлекеттеги коллегаларынын алдында уялышпайт экен да э?кыскасы кыргыздын каны бузулдубу же негизи ушундай калк белек түшүнбөй да калдым!!!!!
30.12.2019. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окмот сурааныч силерден Алла Таала Ыразычылыгы болсун Жер бергилечиии Сураныыч Платный кыласынар майли сиздер бир командага 100 сом кылсанарда болот.Биз буттук Биздин поезд кетти бирок биздин муундар бар жаштарывыз бар ошолорго шарт тузуп береличии Хотя Же Баткенге сылжыткыла Мен кредит алып болсода жер таап береттем
30.12.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG.Kushtarbek,сылжыткыла? Жаны созбу?
30.12.2019. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогорку Кенештин астына эле барып катуу талаптарды койуш керек, Эмнеге бийлик окулдору эл менен эсептешишпейт мындай чон иш болуп атканда Президент деле гозомолдоп койсо болмок унчукпай отуруп албай
30.12.2019. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын дагы кызыл онгочуно бир нерсе тыккан окшойт... Кыргыздар ушу кызыл кекиртектин айынан абийирибизди сатып жиберебизда ошол учун онукбойбуз
30.12.2019. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мамлекет футбол аянтчасын озу салгысы келип жатат окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: