super.kg logo

Жаңы жылдык белек. Миллиардер Билл Гейтс бей тааныш адамга 37 килограмм белек тартуулады

 

Бул жылы дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында турган Билл Гейтс АКШнын Мичиган штатынын жашоочусу, 33 жаштагы Шелби аттуу айымга сырдуу Аяз ата болду. Тагыраагы, ал жалпы салмагы 37 килограмм болгон белек тартуулаган. Анда жалпы 41 белек камтылган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Шелби белектердин ичинен "Улуу Гэтсби" (Великий Гэтсби) кол жазма китеби жан дүйнөсүнө жаккандыгын билдирген. Мындан сырткары, бардык белектерди видеого тартып көрсөткөн. Алган белектердин ичинде "Твин Пикс" сериалынын сувенирлери дагы бар. Алардын ичинде сценарийдин көчүрмөсү, тасманы тартуу учурундагы тартуучу топтун катышуучулары кийип жүргөн футболка жана күрмө болгон. Гарри Поттердин стилиндеги майрамдык шляпа дагы болгон. Андан сырткары, 2019-жылдагы Гейтсу жакшы көргөн китептер жана Гарри Поттер стилиндеги конструктор бар болгон.

АКШнын жашоочулары жыл сайын Жаңы жылдык "Сырдуу Аяз ата" салтын өткөрүшөт. Мында анонимдүү белектерди алмашуу орун алат.

Билл Гейтс – планетадагы эң бай адамдардын катарында турат. "Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүсү. 1995-жылдагы "Forbes" журналынын версиясы боюнча планетадагы эң бай адам деп табылган. Бүгүнкү күндө анын байлыгы 96 миллиард 5 миллион доллар деп бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
31.12.2019. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гейтс аке мага 10 мин доллар карызга берип турунузчу ал акча сиз үчүн акча деле болбосо керек.
31.12.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байларын бут биттин ичегисине кан куйар адамдар болот алар 1тыйынды да эсентешет.а биз кембагал тапканыбызды чачып журо беребиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: