super.kg logo

Түн ичинде жөө адамды бычак, тапанча менен коркуткан. Каракчылыкка шектелип 4 жаран кармалды

 

Бишкекте каракчылык кылганга шектелип 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлагандай, окуя 26-декабрда болгон.

"Биринчи Май РИИБине шаар тургуну К.Ж. арыз менен кайрылып, карактап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда түнкү саат 03:00дө Тоголок Молдо - Абдымомунов көчөсүнүн кесилишинде белгисиз 4 жаран бычак, тапанча менен коркутуп, смартфонун жана чөнтөгүндөгү миң сомун алып, качып кетишкени айтылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү катары 1998-жылы туулган Н.Ш., 1999-жылы туулган Н.О., 1999-жылы туулган А.Н. жана 2002-жылы туулган М.С. аттуу жарандар кармалды", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.12.2019. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чычкактар, жөөн эле жүрүшпөйбү десең.
31.12.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөн жүрбөйсүңөрбү чечектер!жаш туруп ушул ишке барсаңар кийин кайда барасыңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: