Режиссёр Алтынбек Максүтовго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды. "Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду", - дейт ал

Бүгүн, 30-декабрь күнү Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Анда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кɵркɵм жетекчиси Алтынбек Максүтовго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылганы белгилүү болду. Сыйлык тууралуу Алтынбек мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Мага азыр эле Токтобек Асаналиев чалып, куттуктады. Күтүүсүз кабар болду. Бул мен үчүн чоң сыймык, жашоого чоң стимул. Келечекте кыла турган иштерге чоң жоопкерчиликти жаратат. Ошондой эле кыргыз элимди Жаңы жылы менен куттуктайм. Жаңы жыл жакшылыктын, ийгиликтин жылы болсун. Келечекте дагы да чоң жаңыланууларды жаратабыз деп ишенем", - дейт Максүтов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Бул сыйлыкты деп ар жыл аяктаганда түнү-күнү уктабай күтүшүп, тааныштарын ортого салып, министрликтин эшигин тешип ийишетко, анан акырында сыр не давай кылып "Күтүүсүз болду" дейт, атак күтө берип саргайып кетсеңер керек ушул жылы алайын деп!