Татарстандын президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылды деген маалыматты президенттин басма сөз кызматы четке какты
Татарстандын президенти Рустам Минниханов Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу да жалдап берген деген маалымат тараган. Бул маалыматты Татарстан президентинин басма сөз кызматы четке какты.
"Президенттин атынан Атамбаевага эч кандай унаа берилген эмес. Рустам Минниханов Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын июнь айында татар диаспорасы менен жолуккан. Анда активисттер "Туган тел" татар борборуна унаа белек кылуусун өтүнүшкөн. 2019-жылы бул уюм 30 жылдыгын белгилегенин эске алып, Минниханов муну колдогон. Бул сураныч Дүйнөлүк татар конгрессиниин алкагындагы атайын фондго жөнөтүлүп, кабыл алынган. Фонд унаа сатып берип, диаспорага тапшырган. Унааны диаспора кантип колдонот, аны өздөрү чечет", - деп айтылат маалыматта.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы татар улутунан. Буга чейин Раиса Атамбаева Бишкекте аялдамада коомдук транспорт күтүп жаткан сүрөттөрү талкуу жараткан.




Ашанын 1000сомдуктары