Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келин 11 жылга соттолгон. Ош облустук соту бул иш боюнча түшүндүрмө берди

Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келин 11 жылга эркинен ажыратылган. Окуя 2018-жылдын 6-сентябрында 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштап, ооруканага жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да спирт ичимдиктерин ичкени белгилүү болгон.
Ош облустук соту кандай жагдайлар менен шектүү 11 жылга соттолгону боюнча түшүндүрмө берди.
"2019-жылдын 4-декабрь күнү Ош облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен соттолуучу Ч.А.га карата чыгарылган Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 27-декабрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 39-130-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркиндигинен ажыратылган жаза төмөндөгү негиздер менен белгилеген.
Соттук отурумда изилденген жагдайларга караганда иш боюнча 2 жолу соттук-медициналык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, алардын корутундусуна ылайык соттолуучу Ч.А. кылмыш жасоо учурунда өзүнүн кыймыл аракеттерине толук жооп бергендиги, кылмышты мас абалында жасагандыгы (жоопкерчиликти оордотуучу жагдай) жана өзүн гана өлтүрүүгө аракет кылбастан, ага карата алсыз абалда болгон баласы менен кошо секирип өлтүрүүгө аракет жасап, натыйжада жаш өспүрүмгө денесине оор жаракаттарды келтиргендиги аныкталган. Ал эми соттолуучу Ч.А. жана анын жактоочусу тарабынан соттолуучунун жарандык күйөөсү тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болгонун жана анын себебинде бул кылмыш жолуна баргандыгын далилдей турган фактыларды соттук отурумдун жүрүшүндө келтире алышкан эмес.
Соттук коллегия соттолуучуга карата жаза белгилөөдө мыйзамда көрсөтүлгөн бардык жагдайларды изилдеп, жаза жоопкерчилигине тартууда башка жеңил жаза каралбагандыктан жогорудагыдай өкүм кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын КЖКнын 28-97-беренесинин талаптарына ылайык соттолуучунун кылмыштык аракеттерине карата эң аз жаза 12 жылга эркиндигенен ажыратуу болуп эсептелинет, бирок соттук коллегия соттолуучунун кылмыштык аракеттерин Кыргыз Республикасынын ЖКнын 39-130-берене боюнча квалификациялап, ушул эле Кодекстин 76-беренесинин талаптарына ылайык 11 жылга эркиндигенен ажыратылган жаза белгилеген", - деп айтылат маалыматта.







1 |