super.kg logo

Ош облусунда көчмө кабылдама унаасы Жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча иш алып барат

 

Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө көчмө кабылдама автоунаасы эл арасын кыдырып, арыз-даттанууларды кабыл алуу боюнча иш жүргүзүп келет. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жыл башынан бери Ош облусу боюнча аталган көчмө кабылдама автоунаалардын жардамы менен жарандардан ар түрдүү маселелер менен 690 арыз даттануулар кабыл алынган. Алардын ичинен 674 арыз кыска убакыттын ичинде чечилген. Ал эми убакыт талап кылуучу 16 кайрылуу тийиштүү органдарга жөнөтүлгөн. Азыркы кезде Кара-Кулжа РИИБинин өздүк курамы жыл башынан бери көчмө кабылдамасы менен элдин арасын кыдырып, жалпысынан 250 арыз-даттанууларды кабыл алган. Кара-Кулжа районунун аймагында жарандардын арыз даттанууларын тийиштүү органдарга жеткирип, маселени тез арада чечүүгө көмөктөшүп келет. Ошондой иш-чаралардын алкагында райондун аймагында социалдык колдоого муктаж жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүп келишет. Майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөп, айрыкча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана түнкү спирттик ичимдиктерди саткан дүкөндөрдү көзөмөлдөө боюнча иш алып барышат", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери 2019-жылдын 30-декабрынан 2020-жылдын 2-январына чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: