Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Жогорку Сотуна 1 талапкер, Баткен облусунун 5 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер, Ысык-Көл облусунун 4 жергиликтүү сотторуна 5 талапкер жана Нарын облусунун 6 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер.
27-декабрда мамлекет башчы айрым талапкерлер менен маектешти. Маектешүүнүн, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 17 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.
Баткен облусу
Сүлүктү шаардык соту: Бакытбек Жаназаков;
Лейлек райондук соту: Канатбек Салиев;
Кадамжай райондук соту: Карабай Шаназаров;
Баткен райондук соту: Болотбек Ажимуратов, Расул Жолдошалиев;
Кызыл-Кыя шаардык соту: Нургазы Дыйканов;
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз райондук соту: Эльнура Энкилбаева;
Түп райондук соту: Мелис Болотбаев, Бактияр Оболбеков;
Тоң райондук соту: Туратбек Бекенов;
Балыкчы шаардык соту: Эрлан Бекишов;
Нарын облусу
Нарын райондук соту: Урмат Калыбеков;
Кочкор райондук соту: Элдияр Мамбетов;
Жумгал райондук соту: Ачылбек Арзиев;
Ат-Башы райондук соту: Зарина Абжалбек кызы;
Ак-Талаа райондук соту: Назгүл Моютова;
Нарын шаардык соту: Алмазбек Орозалиев.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.



