Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөгө чет мамлекеттен кирген унааларды 10 күн аралыгында каттоо керектигин эскертти
2019-жылдын 31-декабрында ЕАЭБге мүчө эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн жеке пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан алынып келинген транспорт каражаттарына карата жеңилдетилген бажы алымдарынын мезгили аяктайт. Бул тууралуу Мамлекетти каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
2019-жылдын акыркы айларында 2018-жылга салыштырмалуу Унаа мамлекеттик мекемесинен биринчи жолу каттоодон өткөн транспорт каражаттарынын саны көбөйдү. 30-31-декабрда алып келинген транспорт каражаттары 2020-жылдын он иш күнүндө катталат. Мыйзамда көрсөтүлгөн 10 күндүк мөөнөт 2020-жылдын 8-январынан тартып саналат. Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөгө чет мамлекеттен кирген унааларды 10 күн аралыгында каттоо зарылдыгын эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.