3 тонна таштанды. "Ала-Тоо" аянтындагы концерттен кийин тазалыкты 60 кызматкер камсыздады







Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык иш-чарадан кийин 3 тонна таштанды чогултулду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлагандай, таштанды чогултуу иши түнкү 03:00гө чейин уланган.
"Тазалыктын" кызматкерлери 31-декабрда түнгө чейин иштешти. Жалпысынан таштанды чогултууга 60 жумушчу, 5 атайын техника тартылган. Чогултулган таштанды 20 куб, тагыраагы, 3 тонна болду.
Аянтка 20 желим жана 10 металл контейнерлер коюлган", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын Жаңы жылы менен куттуктайт!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Сенин Абыдушукур молдолор сүйлөй берет. Азыр мечитке барып сыйынып, жүгүнүп койгондон эч жашоо турмушубуз озгорбойт. Андан көрө бир келген жашоодо ойноп күлүп жыргап алгыла.