super.kg logo

Дели шаарына 119 жылдан бери боло элек суук түштү

 

30-декабрь күнү Индиянын борбору Дели шаарына 119 жылдан бери боло элек суук түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

30-декабрь күнү Дели шаарында катуу суук болуп, аба көрсөткүчү +9,4 градуска түшкөн. Адатта бул учурда Делиде +21 градус жылуулук болуп турган. Индиянын метеорологиялык кызматы билдиргендей, мындай суук 119 жылдан бери каттала элек.

Сууктан тышкары шаарды туман, кара түтүн каптап, унаа айдоочулары жолду көрбөй кырсык көп катталган. Сууктун кесепетинен 30 багытка барган поезддин иштөө графиги бузулуп, тумандан 450 авиарейс токтотулган. Мындай күтүлбөгөн сууктан жаш балдар, үй-жайы жоктор көп жабыркаган. Делидеги жатактар адамдарга толуп, түнү аба ырайы +1 градуска түшүп, үй-жайы жоктордун арасында көз жумгандар болгон.

Индиядагы үйлөр суукка ылайыкташып салынган эмес. Андыктан жылыткыч ала албаган миллиондогон карапайым эл жуурканына ысык суу куюлган бөтөлкөнү салып жылынып эптеп жан сакташкан.

Маалыматка ылайык, кыштын башында суукту Гималай тоосунун шамалы айдап келет. Бирок декабрь айынын аягында Уттар-Прадеш түздүктөрүндөгү шамалы менен алмашып, жылуулук орнойт. Былтыр ал жакта да суук шамал болгондуктан, Дели шаарында рекорддук суук орун алган.

Presentational white space





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
02.01.2020. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
+9 градусту cуук дешсе якуттарга +9 градус жай го
02.01.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
murat17,булар омуру куртка жемпер ботинка алып кийбесе анан суук болот да.
02.01.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
murat17,индияда дээрлик дайыма +20дан ылдый тушпойт да ошондуктан буларга проблема болот окшойтко'
02.01.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне болсо да күн жылып кетишине тилектешпиз
02.01.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амурдагы индустар суукту алып барып жатышат ойшойт
02.01.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык кочодо жашайбы алар
02.01.2020. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олбогон биздин жан экенда а
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: