Сауд Арабия падышачылыгы Кыргыз өлкөсүнүн зыяратчыларына 6110 квота бөлдү
Муфтий Максатбек Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугуп, 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"САПтын ажылык министринин орун басары Кыргыз өлкөсүнүн 2019-жылы ажылыкты мыкты уюштургандыгын айтып, «эң жакшы» деген баа берди. Жолугушуунун соңунда тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, САПтын ажылык министрлиги Кыргыз өлкөсүнө 6110 квота берилгендигин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 30-декабрда муфтий Максатбек Токтомушев дин кызматкерлери менен биргеликте Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен Мекке шаарына жөнөп кеткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Беш маал мечитке барып сыйынгандан көрө, күнүгө үч жолу керектүү, пайдалуу иштерди жасаганды үйрөнүш керек.