super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан.

Ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Президент өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыганын баса белгиледи. Анын ичинде үй-бүлө институту, балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтуу максаты да коюлат. Муну эске алуу менен бул жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Мамлекет башчысы белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: