super.kg logo

Москвада селсаяк фитнес-клубдун шкафында жашап жүргөн. Ага карабай ал фитнес-клубду сотто жеңип алды

 

Москва шаарынын үйү жок тургундарынын бири "Parislife" деп аталган фитнес-клубдар тармагын сотко берип, 140 миң рублдан ашуун каражат өндүрүп алды. Ал жарым жылдан ашуун фитнес-клубдун кызматынан пайдаланып, тагыраагы шкафта түнөп, бирок анын үстүнөн башка кардарлар арыздана баштаган.

Окуянын баары төмөндөгүдөй орун алган. Селсаяк 2017-жылдын аягында фитнес-клубдун бир жылдык лимити жок картасын 11 миң 100 рублга сатып алып, анда шкафтардын бирин ижарага алган. Шкафта түнөп, андан тышкары буюмдарын да сактаган. Бирок машыгууга келгендер анын шкафта жашап жүргөнүн көрүп, администрацияга арызданышкан. Жыйынтыгында, фитнес-клуб адегенде селсаякка күнү-түнү келүүгө мүмкүн болгон графиктен түнкүгө жылдырышат, ал эми 2018-жылдын июнь айында картаны жараксыз кылышып, шкафты кулпулап салышкан.

Селсаяк кол куушуруп отуруп калбайт. Ал укугун коргоо үчүн түрдүү мекемелерге, анын ичинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, прокуратурага арызданган. Чырга карабай 2018-жылдын ноябрь айында селсаяк ошол эле фитнес-клубдун башка борборунан дагы бир жылдык картаны 20 миң рублга сатып алган. Окуя биринчи учурдагыдай эле кайталанат.

Селсаяк карталарды сатып алууга короткон каражатын кайтарып алуу максатында жана моралдык зыян үчүн фитнес-клубду сотко берген. Сот фитнес-клуб бир тараптуу келишимди токтотуу менен доогердин укугу бузулганын айтып, фитнес-клубдун администрациясын 140 миң рублдук айып пулга жыккан чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
03.01.2020. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыйын киши экен өз укугун билген
04.01.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Atas,кыйын болсо селсайак болот беле
03.01.2020. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодес
03.01.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Закон барда биздикилер болгонго соттун эшигин да аттай албаса керек эле.
04.01.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оххо грамотный селсаяк экен и мээси да иштеген. Элестетип атам биздин мигранттар да безлимит карта сатып алып фитнесте жашап атса
04.01.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
baku24,тантыбачы
05.01.2020. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда адилеттуу соттор бар дегенге дагы бир мыкты далил!
06.01.2020. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин соттор 140 миң сомду өздөрүнүн чөнтөгүнө салып алып селсаякты камап салышмак. Мына чыныгы сооттор...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: