super.kg logo

Бүт дүйнө бир өлкөнүн ызасына көз салып отурат... Ирандын экинчи таасирдүү адамы Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлдү

 

Бүгүн, 3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ирандын чет жердеги куралдуу операцияларын уюштуруусу үчүн жооптуу Сулеймани америкалык куралдуу күчтөрдүн ракеталык-бомбалык соккусунан улам каза болду. Мындайча айтканда, АКШнын Багдад шаарындагы элчилигине болгон кол салуу үчүн өлтүрүлдү.

Генерал Касем Сулеймани.
27-декабрь күнү Ирактын Киркук шаарына жакын жайгашкан аскердик базасына 30дан ашуун ракета чыгарылып, бул чабуулда АКШнын жана Ирактын бир нече жарандары набыт болгон. Америкалык бийлик Иран колдогон "Катаиб Хезболла" тобу кол салды деп күнөөлөп чыккан. 29-декабрь күнү АКШ аталган топтун Ирак жана Сириядагы позицияларын бомбалаган. Жыйынтыгында 24 адам каза болгон. 31-декабрь күнү "Катаиб Хезболла" тобунун тарапташтары Багдад шаарындагы АКШнын элчилигине жөө жүрүш уюштуруп, дипломаттар бир күнгө ишин токтотууга аргасыз болушкан. 3-январь күнү Багдад шаарындагы аэропорттон чыгып бара жаткан бир канча унаалар абадан чабуулга тушугушкан. Анда Сулеймани жана "Катаиб Хезболла" тобунун кол башчылары болгон.

Багдад аэропортунда өрттөнгөн унаалардын бири.
Маркум генерал өлкөсүндөгү бийликтин иерархиясында турган эң таасирдүү жана кадыр-баркы жогору адамдардын катарында эле. 2016-жылы президенттикке талапкерлердин бири катары каралган. Анын өлүмү Иранда гана эмес, бүт аймактагы абалга таасир бериши ыктымал. Батыш ЖМКлары Касем Сулейманини Ирандын мамлекет башчысынан кийинки эле экинчи адам, иш жүзүндө азыркы президентине караганда таасирдүү киши болгон деп эскеришүүдө. "Ал өмүр бою согуштарда жүрдү, аскерлер аны жакшы көрчү. Генерал токтоо, төрт тарабы төп келген жигит, стратегиялык жактан гений, жөндөмдүү тактик эле" деген америкалык генерал-лейтенант Марк Хертлинг. Америкалык ЖМКлар жазгандай, буга чейин Барак Обама да, Жорж Буш да Сулейманинин көзүн тазалоого батынышкан эмес анткени Иран менен согуш чыгып кетет деп чочулашкан.

Ирандын башкы лидери Али Хаменеи үч күндүк аза күтүүдөн кийин анын өлкөсү АКШга сокку урарын, Сулейманинин өлүмүнө тиешеси барлардын баарынан өч аларын жарыялады. Бул аралыкта АКШнын Мамлекеттик департаменти өз жарандарына Ирактын аймагынан тез арада чыгып кетүүсүн айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(39)
03.01.2020. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жетим Америка жер жузуно неге жаралып калган экен
03.01.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Abdizhapar,Америка бар экени дагы бир аз жакшы Кытайды коркутуп турат Россияга ишенич жок Путин олсо Россия болунуп кетиши мумкун эн опасный дуйно жузуно бул Кытай ушуларды жок кылыш керек иранга токтолсок алар Шийиттер
03.01.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
3-дүйнөлүк согушка коңгуроо кагылып жаткандай. Иран кантеер экен эми буга! Бирок акш Ирандан күчтүү.
04.01.2020. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Musafir,эч нерсе кыла албайт Акш эн кучтуу олко дуйно баары андан коркот технология укмуш онуккон Кытай Россия ж.б мындай эле Акшнын чанында калышат.
03.01.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иран акш менен согушса Россия менен Китай карап турат деп ойлосонор жаныласынар. Бул учоо эбак эле баардык куч тузумдорун тузуп шамал кайсыл жактан кандай соксо кандай аракеттер болушун эбак эле тузуп коюшкан.
03.01.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
KAYRATBEK,Бирок Россия дагы Кытай дагы ачык АКШ менен согуша албайт жашыруун жардам бериши мумкун
04.01.2020. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
murat17,албетте жашыруун жардам берет.
04.01.2020. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
KAYRATBEK,Россия кокус чогуу согушса кыргыздарга дагы кыйын давай кыргыз сен согуш артында мен турам десе кете берипсин да курал кармап
03.01.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иран мн АКШнын негизги тиреши эмнеде озу?
АКШ акыркы жылдары чектен ото эле чыгып кетти ,мурдун тыкпаган маммлекет калбады.....
Mylatka.. түзөттү 2020-01-03 22:58:44
04.01.2020. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mylatka.., Иранлын жеринде. Кен байлыктар
03.01.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытай менен индия согушсун дегендер барбы
03.01.2020. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
murat17, Бар!
04.01.2020. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
murat17,алардын согушунан сага эмне пайда
04.01.2020. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
murat17,согуш болбосун! Кудайым сактасын! Мусулман акыл эстуу адамдын созу эмес сиздин жазганынызда,жазган создорунузду кичине анализдениз!
03.01.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акш бар учун орустар менен кытайлар кысып турат орустар орто Азияны кул кылмак Акш Германия жок болсо
03.01.2020. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштер чатак оорлошуп кетпесе болгону тынчтык болсо экен Аллахым
04.01.2020. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иран алга сокку ур американы жок кылчы
04.01.2020. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иранда атом бар америкадан 8 9 келсе жок кылат
04.01.2020. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иран Америка согушуп коп деле каалабайм Иран женилип калат жашоосу Ирак Сирия Ливияга окшошуп калат Кытай Индия менен согушсун эл азаят
04.01.2020. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
murat17,же Америка Кытай согушсун
04.01.2020. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушунчалык сабатсыз калкпызбы? Же Эмнеге ушундайбыз? КОММЕНТТЕРДИ ОКУП ОТУРУП ыйлашыны же кулушуну билбейсинго.Кытай менен Индия согушсун деп жазгандарга тан калып жатам, кээ бирлери алар Шиийтер эч теке эмес Америка талкаласын дейтко, кээ бирлери болсо, Иран атомный бомбасы менен Американы жок кылсын деп жазыптыр.. Туугандар ушул коммент жазган мекендештерим кичине ойлонуп жазасынарбы?же мектепти бутуп эле сотовой тел алып эксперт болуп кеттинерби?????????
04.01.2020. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
daniel87, Умница экенсиңго э чоң кыз?)))))
04.01.2020. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
daniel87,
Мээси 99га гана иштейт экен, ой жүгүртүсү начар экен, комментарий жазгандар көбү БАЛА КЫЯЛДУ ой жүгүртөт экен, билим деңгели өтө төмөн экен, мындай ой жүгүркөндөр өздөрүнө зыяны ушул, жаш баладай ой жүгүркөндөр өтө көп кыргызстанда илим билимдин жетишсиздиги. Эми акылдуу адамдар коммент жазбайт бул жерге,
05.01.2020. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniel87,кошулам, Жер жузуно, деги эле адам баласына согуштун кереги жок
04.01.2020. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Делай Иран.
04.01.2020. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кытай согушабы Америка согушабы же башкасыбы айырмасы жок,согуш дегенин озу жакшы нерсе эмес,боодо эле куралсыз карапайым калктын да каны тогулот,жогоруда согушсун деп коммент жазгандар Антарктидага баргыла да озунор согуша бергиле тынч жашап жаткандарга тоскоол болбой.
04.01.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чымчыктын да уйу бузулбасын. Ааламда тынчылык гана болсун, каерде болбосун согуш болбосун!!!
04.01.2020. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тынчтык болсун ,согуш эч кимге кереги жок.
04.01.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жерде комментарий калтыргандардын көбү орто мектепти толук бүткөнүнө күмөн санайм. Бул өлгөн генерал өзү Путин менен жакшы мамиледе болуп,жардам сурап, Сирияга орус аскерлерин киришине жоопкерчиликтүү адам экен. Мунун көзүн тазалап АКШ өкмөтү эң туура кадамга барды деп ойлойм.

04.01.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nourlan,озунор деле орто мектепти эле буткондордун катарында окшойсун ))).Биринчилерден сирияга акшнын аскерлери кирип талкалап ,акыркы шываагаларга орусиянын аскерлери киргенин унутуп калыпсынбы ?!
Mylatka.. түзөттү 2020-01-04 14:56:20
04.01.2020. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талкуу катуу болуптурго, негизи тынчылык эле болсун, АКШ менен Иран согушса бизге деле зыяны тийет.
04.01.2020. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернеттеги кагаздын бетинде саны менен жазылган эле аскер күчүңөр менен мактана бербей, эми сапаты менен да майданда сынап көргүлөчү ошол аскер күчүңөрдү, сынай турган убакыт келди көрүнөт, и так сексен жылдан бери мактанасыңар аксерим күчтүү деп!
04.01.2020. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башка жанылык таппац атасынарбы, кечетен бери ушу туратко жаныланбай
05.01.2020. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодо тынчтык болсун,согуш болбосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: