super.kg logo

500 миллиондон ашуун жандык, анын ичинен 8 миңдей коала... Австралиядагы апаат баарын жалмап бара жатат

 

Австралияда акыркы айлар ичинде өрт 24 адамдын өмүрүн алды, андан тышкары 30дай кишинин дайыны белгисиз. 5 миллион гектардан ашуун жер, 1 миң 400дөн ашуун турак жай, 1 миң 300дөй имарат, 500 миллиондон ашуун жандык, анын арасында 8 миңдей коаланы жалмап кетти. 10 миллиондон ашуун адам ыш аралаш абадан дем алууда. Аталган континенттин бийлиги тарыхында болуп көрбөгөн масштабдуу эвакуацияны башынан өткөрүп жатат. Тилсиз жоонун келтирген зыянынын так саны эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

Өрт чыккан айрым жерлерде оттун жалыны күчтүү болгону үчүн же түтүнү коюу болгонунан улам абадан өчүрүү мүмкүн эмес болууда. Тик учактар мындай учурда жардамга келе албай жатат. Маллакута шаарында өрттөн улам үйлөрүн таштай качкан эл аргасыздан жээкке барып баш калкалаган. Кийин алардын баарын Австралиянын аскердик-деңиз флотунун кемеси коопсуз жайга алып кеткен.

Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон тилсиз жоого каршы армиянын 3 миңдей аскери тартыларын билдирди. Коргоо министри билдиргендей, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аскерлер өрттү өчүрүүгө катышат.

Бул аралыкта метеорологдор да жакынкы күндөргө карата аба ырайы деле ырайым көрсөтпөй турганын билдиришти. Күн 40 градуска чейин ысыйт. Өрт ушул жылдын март же апрель айына барып толугу менен өчүрүлөт деп айтышууда.






Австралиядагы өрттүн кесепетинен 500 миллиондон ашуун жандыктар тирүү күйүп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
04.01.2020. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Алтын ,акча,аскер , алдынкы техникалык курал жарак мына булардын баары Кудайдын жоноткон балээсинин алдында арык аттап суу кечпей калат.
Тилсиз жоодон баарыбызды сактасын ...!
04.01.2020. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Mylatka.., Эң туура айттың, Кудайга ишенбей, өз байлык-бийлигине, күчүнө жана акылына ишенгендер колуңардан келгенин жасагыла эми!
04.01.2020. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Musafir,анчалык кудайдын каарына калгыдай жаныбарлар эмне кылды экен, кудайынар жестокий анан кайра сайрап каласынар кудай мееримдуу суйкумдуу деп зомбилер
Avrora2017 түзөттү 2020-01-04 23:29:03
04.01.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,жепсин жей турган жерди дөөдүрөп сүйлөй бербечи э
05.01.2020. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Avrora2017,тообо е олбочудой жазыпсынго эртең алланын астына барасын ошондо көрөсүң өкүнүп калба
05.01.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Avrora2017,кайсы жерде зынаа,бузукулук жаман иштер кобойуп орун алса Кудайдын балээсине баарына жакшы адамбы ,жаман адамбы,жаныбарбы баарына текши тушот.
05.01.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Avrora2017,тилим бар деп ар нерсени сүйлөй беибениз!!!!
05.01.2020. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mylatka..,Бул эмне таба кылганынбы?
техника акча эч нерсе чечпейт деп! эч нерсеге аракет кылбай кудай деп журо берсек ошо жакшы дейсинби?
05.01.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shekeev969798,таба кылбадым ,озумо сабак алдым .Козунор коруп канчалаган державалар болгон ээлеп алган байлыктары,курал жарагы аскерлери менен бири бирине сес корсотуп тирешип келишет.Алар болгону акылына и кучуно анан калса курал жарактарына ишенип алышкан.Кудай Жаратканды унутушкан ,баарын ушул нерселер мн чечсе болот дешет.
05.01.2020. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekeev969798, кана эми ушул нерселер Кудайдын жиберген балээсине каршы тура алышса..туура алышпаганы учун озу очсо очоор деп окмоту да ттим болуп ,жаандуу мезгил апрелди кутушоорун айтышыптыр .
04.01.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Охуу апрельге чейин ал жакта эчтеке калбай калатго
04.01.2020. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалпы калктан ыктыярдууларды тартса болот беле. Эл озу аракет кылса четинен очурсо болбойбу . орттун алдындагы куйо турган нерселерди тазалап жибериши керек.
04.01.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
souza.j, жакшылап аракет кылса болмок. Аракет начар да...
04.01.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алланын окуму менен жамгыр болуп, тезиреек очсо экен.
05.01.2020. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Islambek123,Сиздин оюнузга кошулам. Ылайым жамгыр шатырата жаап бир кун бир тундо очуруп салса экен ортту. Баккуш жаратылыш. Байкуш жаныбарлар(((
05.01.2020. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалкоолор окшойт, баары бир мобилизация болуп, оттун алдын тозушса болчудай. Аябай катуу онуккон мамлекет. Эми жаанды гана кутушот го. Путинден жардам сурабайбы, ал киши кыйын эле, жаанды деле жаадырып коет.
05.01.2020. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tolik777,эпчил болсоң барып жардам бер жалкоо окшойт деп бутуңду алмаштырып отурбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: