super.kg logo

Ошто 10 бээни уурдап, аларды сатууга алып бара жаткан уюшкан уурулардын тобу кармалды

 
Ошто уюшкан мал уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уурулар 2020-жылдын 4-январь күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу унаага жүктөп бара жаткан жеринен кармалган. Алар 1999-жылы туулган Б.Т., 1978-жылы туулган М.К., 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. экендиги аныкталган. Шектүүлөрдөн бирөө гана сот жообуна тартылган эмес. Калгандары бир нече жолу соттолуп чыгышкан.
"Уурдалган жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып жатат. Ал эми шектүүлөр ал жылкыларды жайыттан уурдап кетишкендиктери тууралуу көрсөтмө берип жатышат. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул топ уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынын биринде сатууну же этке өткөрүүнү пландаштырган. Учурда кармалгандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтун башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бар же жоктугун тергөө амалдары аныктайт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.01.2020. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кана 78 жылкы баңги 2 сүрөт киргизип коюпсуңарго дагы көзүн жаап коюпсуңарго көк мээ дебей эмне деш керек
06.01.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gitaris93, "Тообо" дееш керек!!!
06.01.2020. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gitaris93,таанышы болсо керек да
06.01.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогон акмактардын бетин ачып корсотсонор
06.01.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бетин ачып койбойсунарбы, бул шакалдарды элдин баары коруп, таанып калсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: