"Тоюбузга 900 конок күбө болду" дейт үлпөт тою өткөн "Универсал" командасынын оюнчусу Актилек Бекташев







"Универсал" командасынын оюнчусу, айылдык кеңештин депутаты Актилек Бекташевдин заманбап тоюна 900 мейман келди. Алардын жарымы менин досторум деген Актилек Бекташев үлпөт той тууралуу айтып берди.
"Жубайым экөөбүздүн үлпөт тоюбуз Оштогу тойканалардын биринде өтүп, ага 900 конок келди. Алардын 500гө жакыны менин жоро-жолдошторум, жети дубандан келген досторум. Тойкананын ичине алгач унаа менен тамада, андан кийин жубайым экөөбүз кирдик. Жар-жарды аккордеончулар жандуу үн менен айтышты.
Тоюбуздагы жасалгалар, келинчегимдин курбуларынын көйнөктөрү, менин дос балдарымды галстуктары сары түстө болду. Бул күнү 8 устатыма өзүмдүн белегимди тапшырдым", - деди ал.
5-январда өткөн тойду тамада Иманкул Шарипов алып барды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
-2

Чыгымдын ордуна жетим жесирлерге белек бекче алса ото чон белек жана башкаларына да чон улгу болмок.