super.kg logo

Баткенде аялынын өлүмүнө шектелип жаткан жаран эки айга камакка алынды

 

Баткен шаарында аялын өлтүрө сабаганга шектелген жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасына 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургундун жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалган. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: