Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кечээ, 5-январь күнү саат 15:59да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 3 балл, Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.