super.kg logo

Финляндияда 4 күндүк жана 6 сааттык иш күнүнө өтүү сунушталууда

 

Финляндиянын 34 жаштагы премьер-министри Санна Марин өлкөнү 4 күндүк жана 6 сааттык иш күнүнө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"4 күндүк жана 6 сааттык иш күнү. Эмне үчүн мындай кадамга барууга болбойт? 8 сааттык иш күнү чындыктын акыркы инстанциясы деп ким айтты? Менимче, адамдар көп убактысын өзүнүн үй-бүлөсү менен өткөрүп, калган убактысын жашоонун негизги аспектилерине жана сүйүктүү хоббисине бөлүшү керек. Балким бул биздин жаңы жумуш этабы болот", - деген премьер-министр Санна Марин.

Азыркы убакта финдер 5 күн жана 8 сааттык иш күнү менен иштешет.

Билим берүү министри Ли Андерссон дагы бул идеяны колдоорун билдирген. "Финляндиянын жарандарына аз иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Шайлоочуларга берилген убадаларды аткаруу үчүн мыкты жашоо шарттарын түзүп берүү зарыл", - деген ал.

6 сааттык жумуш күнүн коңшу Швеция өлкөсүндө эксперимент жүзүндө сынап келишет. 2015-жылы Швециянын Гётеборг шаарында шаардык ооруканада 6 сааттык жумуш күнү киргизилген, бирок буга карабай алардын маянасы азайган эмес. Эки жыл өткөн соң мыкты жыйынтыктар болорун байкашкан. Жумушчулар ыраазы болуу менен иштеп, жумуштун сапаты жогорулаган. Швециядагы "Toyota" корпорациясынын филиалы дагы ушундай режимге өткөн. Муну менен алар жумуштун өндүрүмүн жогорулата алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
06.01.2020. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде 4 күндүк жумуш 6 саатык иш болсо,анда ачка калабыз
06.01.2020. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин бийлик укпасын
06.01.2020. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Онугот деген олко ушундай болот,бизде 12 саат эшектей иштегендер болгондо озубуздун жерибизде Кытайлардын ишканаларында.
07.01.2020. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
финдер учун бул этап соонун колдоо болот. Биз да улгу алгыдай
07.01.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура чечим экен,бизде 6 күн иштегендерге оор эле.
07.01.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кээ бир кызматкерлерде 2 сааттык жумушчу кун, 10до жумушка келет, 12де кетип калышат, маяна ошол эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: