super.kg logo
  Саясат  

Сайдулла Нышанов: "Айрым депутаттар "Ата Мекен" фракциясынын лидерин шайлоодо регламент бузулуп калган деп айтып жатышат"

 

Коомчулукта депутат Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидерин шайлоону кайрадан өткөрүү демилгесин көтөрүп жатканы айтылууда.

Бирок Нышанов бул тууралуу маалыматты четке кагып, төмөндөгүдөй пикирин айтты. "Айрым депутаттар регламент бузулуп калган деп айтып жатышат. Жумушка чыксак бул маселени карайбыз. Лидерди шайлоо үчүн комиссия түзүлүшү керек болчу", - дейт ал.

Өткөн жылдын 27-декабрында Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын билдирген. Ал партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин айткан. Шыкмаматовдун ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатка ээ болгон.

Ошол эле күнү "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары партиянын штабына чогулушуп, Айсулуу Мамашованы фракция лидери кылып шайлашкан. Шайлоо бүткөндөн кийин Текебаев журналисттерге комментарий берип жатып, Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев 2 жарым жылдан депутат болобуз деп сүйлөшкөнүн айткан.

Бирок бир күндөн кийин Сыдыгалиев айрым маалымат булактарына мандат боюнча келишим, сүйлөшүү дагы болбогонун билдирген. "Шыкмаматов менен бир жерденбиз, ага-ини болуп жүрөбүз. Ортобузда мандат боюнча келишим, сүйлөшүү дагы болгон эмес", - деген ал.

Андан көп өтпөй Талант Узакбаев Сыдыгалиевдин сөзүн четке кагып, маалымат каражаттарына комментарий берген. Ал партия тизмесинде Сыдыгалиевден мурда турганын айткан. Анын айтымында, Сыдыгалиевге мандат берүү планы мурда эле болгон. Ошондой эле Узакбаев Шыкмаматов Сыдыгалиев үчүн суранып келгенин да билдирген. Ал ич ара сүйлөшүүдөн кийин Нурбек Сыдыгалиевден мурда турган 4 талапкер мандаттан баш тартуу жөнүндө арызын жазганын белгилеген.

Ал эми Текебаев Сыдыгалиевдин сөзү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: