super.kg logo

Кыргыз-Өзбек Чек ара кызматынын өкүлдөрү чыр-чатактардын күчөп кетпөө чараларын талкуулашты

 

6-январда Кыргыз-Өзбек чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон 520 баш майда мал-жандыктары кайтарылып берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз- Өзбек мамлекеттик чек ара аймагынын такталбаган аймагында орун алган чыр-чатактын негизинде Ала-Бука району боюнча жана Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап чыр-чатактардын күчөп кетпөө чараларын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбек тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагынан жайылып жүргөн жеринен өтүп кеткен 520 баш майда мал-жандыктарды Кыргыз тарапка кайтарып берген. Ал эми Кыргыз тараптын мал-жандыктарынын ээси болсо Өзбекстандын аскер кызматкерлерине арыз-доосу жок экендигин билдирди.
Чек арачылар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүгүзүшүүдө.
Азыркы учурда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.01.2020. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек арадагы маселени басуу үчүр абал курчуп кетпестиги үчүн чек ара кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзүп өзбек тарап Кыргызстандыктардын малын кайтарып бериптир.
07.01.2020. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара маселесинде кыйын болгон Мадумаров жер саткыч каякта?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: