super.kg logo

Ош шаардык соту 10 бээни уурдап баратып кармалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы боюнча түшүндүрмө берди

 

Ош шаардык соту 10 бээни уурдап бара жаткан жеринен кармалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын караган. Анда уурулукка шектелгендердин экөөсү камакка алынып, экөө үй камагына чыккан. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы бул баш коргоо чарасы боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

"Шектүүлөрдүн бардыгына уурулук беренеси менен айып коюлуп, бөгөт кою чарасында камакка алуу түрү тандалган. Бирок Жазык кодексинин 116-беренесине ылайык, жасаган кылмыштык аракеттерине 5 жылдан ашык эркинен ажыратуу каралса гана камакка алуу түрү тандалып алынат деп жазылган. Ош шаардык сотунун тергөө судьясы 2 шектүүнүн аты-жөнүн, туруктуу жашаган жерин жана тергөө органдары тарабынан анча оор эмес кылмыш боюнча шектелип жаткандыгын эске алып, үй камагына чыгарган. Ал эми камакта калган эки шектүүнүн жашаган жери аныкталбагандыктан, аларга бөгөт кою чарасында камакка алуу түрү тандалган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Буга чейин Ошто уюшкан мал уурулардын тобу кармалган. Алар 4-январь күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу унаага жүктөп бара жаткан убакта кармалган. Алар 1999-жылы туулган Б.Т., 1978-жылы туулган М.К., 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. Шектүүлөрдөн бирөө гана сот жообуна тартылган эмес. Калгандары бир нече жолу соттолуп чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.01.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жылкылар ээлерине берилди болду да.
07.01.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ууруларды коргогон да ууру. Уурдалып кетип кайра кайтарылбай калгандары канча.Бул акмактар буга чейин канчаны уурдады ким билет.
07.01.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурулардын уурдаган нерсесин кайтартып бериш керек. Байкуштардын малдарын уурдаган болсо керек.
07.01.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларды малдын ээлерине бергиле эл өзү жазалайт
08.01.2020. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашаган жериң анык болсо уурдай берсең болот тура анда ээ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: