9-январга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Аба ырайы тууралуу маалымат
7-январда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
7-январда түнкүсүн айрым аймактарда, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
8-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
9-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
9-январда күндүз жана 10-11-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.



