super.kg logo

Орусияда балкондо беш саат жаткан ымыркай сууктан чарчап калды

 

Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Хабаровск шаарында 1 жашка чыга элек ымыркайдын сууктан чарчап калганын жазууда. Андагы маалыматка ылайык, аталган шаарда бала чарчап калган күнү -15, -20 градус суук болуп жаткан. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркай тоңуп чарчап калганын, аны ата-энеси балкондо калтырганын жазган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары окуянын чоо-жайын толук териштирүү мүмкүн болбой жатканын жазышууда. Анткен менен баланы апасы коляскага жаткырып, таза абада уктасын деп балконго алып чыгып койгондугу, бала ал жерде 5 саат жатканы жазылган. Бирок беш сааттан кийин анын денеси муздап калганы белгилүү болгон.

"Баланын 40 жаштагы апасына "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги майрам күндөрүнүн аралыгында ата-энелерди балдарга карата кылдат болууга чакырган.

"Алдыда дагы бир нече майрам күндөрү бар. Дал ушул учурда балдар менен байланышкан кырсыктар 25-30 пайызга көбөйөт. Күйүп, бийиктиктен кулап, музга жыгылып, суукка урунуп, фейерверктерден жабыркап келгендердин саны көп болот. Мындан улам өзүңүздөрдүн жана өзгөлөрдүн балдарына аяр мамиле жасоого чакырабыз", - деп жазылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.01.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Билип туруп атайын кылган же мас болуп кылган. Кантип эле билбесин баланы 5 саатка кыштын куну суукта балконго чыгарып койгону болбос экенин.? Бала ашыкчалык кылган окшойт да буларга? Бироно кор бироно зар бала?((((
07.01.2020. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ичкиликтин кесепети
07.01.2020. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эч сынтага албайм. Кудай сактай кор баарыбызды. Биздин олкодо деле кун сайын урой учурган жанылыктарга аз эмес
07.01.2020. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ичкен адам ысып кетсе жаш баласын дагы ысып кетти деп алып чыкса керек балконго. Ушул спирттик ичимдикти чыгаргандар эки дуйносу тен тар болсун
07.01.2020. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апчыгып мас болсо уктап унутуп калса керекда, майрамдын кесепети да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: