Ош. Оштогу айрым партиялар Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы
Ош шаарындагы айрым партиялар Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгына макул эмес. Бүгүн, 19-августта “Кыргыз-Ата” партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүшүп, 18-августта өткөн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирлерин айтышты. “Шайлоо таза өткөндө биздин партия жок дегенде 5 мандатка ээ болмок. Кара-Суу районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн, анын ичинде аймактык оорукананын башкы врачын, РИИБинин башчысын иштен алуу талабы менен 20-августта Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрөбүз”,-дейт аталган партиянын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















