super.kg logo

"Апа, мен сизди жакшы көрөм". Атырауда муз алдында калган бала апасы менен коштошкон видео тарады

 

Казакстандын Атырау облусунун Урал дарыясында муз жарылып, ага төрт бала түшүп кеткен. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Ага ылайык, окуя 4-январда болгон.

Балдарды куткарып жаткандагы окуя видеого тартылган. Анда муз алдынан куткарылып жаткан балдардын биринин “Апа, мен сизди жакшы көрөм” деп энеси менен коштошуп жатканын көрүүгө болот. Бактыга жараша бала аман-эсен куткарылган.

Кийин белгилүү болгондой, төрт бала музда ойноп жүргөн маалда муз жарылып, сууга түшүп кетишкен. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери Куандык Сүйүндүков жана Тимур Балмаганбетов барган. Үч баланы полиция аман алып калган. Тилекке каршы, төртүнчү бала куткаруучулар келгиче чөгүп кеткен.

Куткаруучу суучулдар чөгүп кеткен баланы издеп отуруп, 17:35 чамасында анын сөөгүн табышкан. Ал муз жарылган жердин 15-20 метр ары жагына кетип калган. Маалым болгондой, куткарылган балдар 11, 14 ,15 жашта болушкан. Учурда алардын абалдары туруктуу экендиги белгилүү болду.






"Апа, мен сизди жакшы көрөм" Атырауда муз алдында калган бала апасы менен коштошкон видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.01.2020. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Казахстанда жарылуу болгондо бир жоокер да айткан болчу .Мама кешириң мен сизди жакшы көрем деп.
08.01.2020. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык
08.01.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ыйлагын келет го
08.01.2020. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуштар кудай озу сактасын
10.01.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык балдар апаларын жакшы корот бирок чонойгондо аялдарына тиран болуп чыкканына тан каласын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: