Чүйдө 43 жаштагы Сергей Салагубов дайынсыз болуп изделүүдө
Чүйдө 43 жаштагы Сергей Салагубов 5 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 2020-жылдын 3-январында Ысык-Ата районундагы Хунчи айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
Сергей Салагубовдун бою 175 сантиметр, көздөрү көк. Үйүнөн чыгып кеткен күнү боз түстөгү баш кийим, жашыл түстөгү кышкы күрмө, кара шым, бутуна көлөч кийип жүргөн. Кимде-ким сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы бар болсо же жүргөн жери тууралуу билсе, Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0(312) 61-69-07, 0(708) 45-78-46, 0(707) 25-79-02, 0(701) 88-62-95, 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.