super.kg logo

Америкалык актёр Хоакин Феникс мындан ары сыйлоо аземдерине бир эле костюмду кийип барат

 

"Алтын Глобус-2020" аземинде "мыкты актёр" наамын алган америкалык актёр, продюсер жана музыкант Хоакин Феникс мындан ары сыйлоо иш-чаралары учурунда бир эле костюмду кийип барат. Актёр сыйлоо аземине атайын буюртма менен тигилген костюм-шым кийип барган. Кийимди модельер Стелла Маккартни тиккен.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинен кийин Стелла Маккартни социалдык тармактагы баракчасы аркылуу актёрду сыйлыгы менен куттуктаган. Ошондой эле дизайнер билдирүүсүнө кыстырма кошо кеткен. Анда Хоакин Феникс бир канча убакытка чейин кызыл килемден өтө турган салтанаттарга "Алтын Глобус" аземине кийип барган костюмду гана кийерин кабарлаган. Маккартнинин айтымында, актёрдун бул кадамга барышына кийимдерди кайра иштетүүдө айлана-чөйрөгө келтирилген терс таасирлерди азайтуу болгон.

Стелла Маккартни белгилүү британиялык музыкант Пол Маккартнинин кызы. Модельер катары таанымал болгон Стелла Маккартни өзүнүн брендине органикалык материалдарды колдонуп келет.
Ал эми Хоакин Феникс дагы экологияны коргоого байланыштуу митингдерге байма-бай катышып, айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарына колдоо көрсөтүп келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
08.01.2020. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз учун ото керекту и кызыкту маалымай чон рахмат силерге супер
09.01.2020. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Воо жанылык деп ушуну айт! Кайдагы бир самолетту, Иран Америка мамилесин окуй берип тажадык. Баса, эн негизгиси Хаохинин носкисинин тусу кандай экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: