super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аалы Карашев: "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда АКШ-Иран чыры боюнча тынчсыздануу болмок". КҮНСОБОЛ

 

8-январга караган түнү Иран мамлекети АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасады. Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.

Кыргыз мамлекетиндеги “Манас” эл аралык аэропортунда АКШнын аскердик базасы 2001-жылы ачылган. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда жаңы келишим түзүлүп, мурдагы "Манас" аба базасынын аталышы жөн гана транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишимге ылайык, борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктаган. Алмазбек Атамбаевдин убагында бул келишимди узартуудан баш тартылып, америкалык база өлкөдөн чыгарылган.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө кандай таасир тийгизмек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда АКШ-Иран чыры боюнча тынчсыздануу болмок деген оюн айтты.

"Манас" аэропортунан АКШнын аскердик базасы чыгарылгандан кийин учурдагы АКШ-Иран чырынын тийгизген таасирин айтуу кыйын. Иран башка жакта болуп жатат. Мүмкүн кандайдыр бир кооптонуу болмок. Бирок бир нерсе болуп кетмек деген ойдон алысмын. Ирактагы окуяны көрүп тынсыздануу болсо керек", - дейт Карашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: