super.kg logo
  Саясат  

Президент 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду

 

Бүгүн, 8-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, 2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыгы деп аныкталган. 2019-жылы региондорду өнүктүрүү боюнча тандалган багыт уланган. Санариптик технологиялар калктын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү фактор экенин эске алуу менен, 2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланган.

Кыргыз мамлекети узак мөөнөттүү келечекте инновацияларга жана билимге негизделген, өнүккөн маалыматтык коом өлкөсү болушу керек. Мамлекет адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү зарыл.

Буга чейинки эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги пайдубалдар түптөлдү. Санариптештирүүнүн алкагында, сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды. Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда.

Алар менен катар мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары балдарды, өзгөчө жетим, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды колдоо дагы жарлык аркылуу белгиленген.

Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Анын ичинде үй-бүлө институтуна, балдарды социалдык жактан коргоонун деңгээлине таасир эткен ички миграцияны кыскартуу максаты да коюлууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: