super.kg logo

Дүйнө боюнча жашоо шарты мыкты болгон 5 шаар аныкталды

 

Адам ресурстары боюнча иш алып барган "Mercer" эл аралык консалтинг компаниясы жашоо шарты мыкты болгон шаарларды тизмектеп, алдыңкы 5 шаарды атады.

1. Цюрих

Цюрих шаары Швейцариянын түндүгүндө жайгашкан. Жашоо шартынын деңгээли эң жогору болгон шаарлардын сап башында турат. Бул шаар коопсуз жана анда кылмыштуулуктун саны эң төмөн. Эмгек акы, саламаттыкты сактоонун сапаты, саясий туруктуулук жана билим берүүнүн сапаты эң мыкты деп бааланат. Дал ушул факторлору менен аталган шаар адамдардын жашоо шарты үчүн мыкты шаар катары сунушталат.

2. Мюнхен

Белгилүү болгондой эле, Мюнхен Германиянын укмуштуудай шаарларынын бири. Бул шаарда жумушсуздук дээрлик жокко эсе. Саламаттыкты сактоо жана билим берүүнүн сапаты жогору. Көптөгөн кызыктуу фестивалдарга бай. Ошондой эле коомдук транспорттор жашоочулардын ыңгайлуулугуна төп келет. Кооз архитектурага бай шаарды ыңгайлуу транспорт менен кыдырууга эмне жетсин!

3. Вена

Вена Австриянын ири шаарларынын бири жана өлкөнүн экономикалык борбору болуп саналат. Шаардын маданиятын көрүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтердин агымы суюлбайт. Жашоо шарттын мыкты деңгээли жана байыркы архитектуралык курулуштар суктантпай койбойт. Кылмыштуулук эң аз катталган шаар, ошондой эле эли да меймандос, ар дайым жардамга кол сунууга даяр келишет.

4. Ванкувер

Канада өлкөсүндөгү шаарлардын дээрлик бардыгы адамдардын жашоо шартына ыңгайлуу жана мыкты. Бирок алардын ичинен Ванкувер шаары бүгүнкү күнгө чейин лидерлигин жоготпой келет. Дал ушул шаарда Түндүк Америкадагы башкы порт жайгашкан. Ар кандай өнөр жай ишканаларынын көптүгүнөн улам жумушсуздук жокко тете. Шаардын көз жоосун алган архитектуралык курулушу ошондой эле табиятынын кооздугу туристтерди өзүнө тартып турат.

5. Копенгаген

Аба ырайы туруксуз болгон Даниянын борбор шаары Копенгаген жашоого ыңгайлуу болгон бардык шарттар менен камсыздалган. Шаардын полиция кызматы жогорку деңгээлде жана жоопкерчиликтүү иш алып барат. Копенгагендин көчөлөрүнөн эч нерседен кооптонбой, сейилдөөгө толук мүмкүн. Шаардын тургундары тазалыкка жана экологияга көңүл бурушат. Таштандылар ар дайым иргелип, эски буюмдар оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Ооруканалардын жана дарыгерлердин сапаты жогору бааланат. Бир сөз менен айтканда, Копенгаген коопсуз жана бакубаттуулукта жашоого ыңгайлуу шаар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
09.01.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вена абдан кооз шаар, коп туристтер келишет.
09.01.2020. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкек эн коз Шаар Ош базар эх аттин
09.01.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мюнхен абдан кымбат шаарда.
09.01.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек эн кооз кочосу кулиева
10.01.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurik1988,хи хи хи
09.01.2020. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вена номер 1
10.01.2020. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргыздар жок жер таза болот экенда)
10.01.2020. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кылмыш жана уурулук болбой дегендей. Кайсы жерде болбо кыргызды кыргыз тоногон,урган,доля салган тооба.
10.01.2020. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми бизде да ошондой сонун шаарлар пайда болсо
10.01.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса Кыргызстан эн бай эн кооз олко болот! Оз олконду озун мактап озун колдобосон! Башка олко сага Бейиш болуп бербейт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: