super.kg logo

Украина, Иран өлкөлөрүндө бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

Кечээ, 8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулап, борттогу бардык жүргүнчү жана 9 экипаждын мүчөсү каза болгон. Президент Володимир Зеленский бүгүн, 9-январды өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлкөдө бардык туулар түшүрүлүп, оюн-зооктор токтотулган.

Ошондой эле Иран өлкөсүндө дагы бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө, техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча, бортто 167 жүргүнчү болгондугу белгилүү болгон. Жүргүнчүлөрдүн баары каза болгон. Алардын арасында Ирандын 71 жараны, Канаданын 73 жараны, Улуу Британиянын 3 жараны, Германиянын 4 жараны, Швециянын 8 жараны, Ооганстандын 6 жараны жана Украинанын 2 жараны бар экендиги аныкталган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: