super.kg logo

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартып жаткандыгын билдиришти

 

Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартат. Алар буга чейин макамына жараша берилип келген каржылык артыкчылыктарынан баш тартышты. Мындан ары Гарри менен Меган Маркл өз алдынча акча табуунун үстүндө иштей турганын социалдык тармактагы расмий баракчасына жазып чыгышты.

Түгөйлөр бул чечимди кабыл алууга бир нече ай кеткенин айтышат. "Биз падышалык үй-бүлө макамынан баш тартууга ниеттенип жатабыз. Каржылык жактан көз каранды болбош үчүн өз алдынча иштейбиз. Ошол эле мезгилде улуу урматтуу ханышанын алдында милдеттерибизди аткарабыз", - деген алар.

Гарри менен Меган Маркл географиялык балансты сактоо максатында Улуу Британия менен Түндүк Америкада кезектешип жашай турганын кошумчалаган.

"Мындай аймакта жашоо балабыздын падышалыктын салттарын сыйлап-урматтаганга, тарбиялоого мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле мезгилде өзүбүздүн үй-бүлөбүзгө көбүрөөк көңүл бурууга, андан кийинки жашообузга, тагыраагы, кайрымдуулук уюмун ачууга шарт түзөт".

Ханзаада Гарри менен Меган Маркл баарына ыраазычылык билдирип, мындан ары деле ханзаадалар Чарльз, Уильям менен кызматташып турарын билдиришкен. Ал эми Букингем хан сарайынан бул суроону азыр кароого эрте экенин маалымдашкан.

Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү тою 2018-жылдын 19-майында өткөн. Алар 2019-жылы 6-майда уулдуу болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: