Өзбекстанда 40 миң долларды кроссовкасына катып чек арадан өтүп бара жаткан жаран кармалды

Өзбекстандын Андижандагы бажы өткөрүү бекетинен өтүп бара жатып, кроссовкасынын ичине 40 миң долларды катып алган адам кармалды.
Өзбекстандын маалымат каражаттары мамлекеттик бажы комитетинин билдирүүсүнө таянып жазгандай, бажы кызматкерлери андагы бир кишинин шектүү аракеттерине көңүл бурушкан. Аны текшерүү учурунда бут кийиминин ар биринен 20 миң доллардан акча табылган.
"Ал адам акчаны мыйзамсыз түрдө алып өтүү аракетин кылган. 40 миң доллар буга далил катары алынды, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Өзбекстандын "Валютаны жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, өлкөдөн улуттук жана чет элдик валютаны чыгаруудагы чек жеке адамдарга 100 миллион сум деп коюлган. Бул 10 миң 500 долларды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Belek1710

09.01.2020. 15:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
40миң кантип батып кетти экен, 4адамга берсе алып чыгып бермек экен го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.