Ырчы Айпери Кубик кызы тасмага тартылууда



Ырчы Айпери Кубик кызы Сапар Сайназаров режиссёрлук кылган жаңы тасмага тартылууда. Тасмадагы ролу тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Мелодрама жанрындагы "Love is...." деген тасмага тартылып жатам. Анда башкы каарман Бегимай деген кыздын ролун жаратам. Бул тасма 7 жыл сүйүп, дагы 7 жылын күтүүгө, жалпысынан 14 жылдык өмүрүн бир адамга арнаган кыз тууралуу.
Курбу кызымдын ролун алпаруучу Айзада Жамгырчиева ойнойт. Мындан тышкары, тасмага алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Нурдөөлөт Копоев, актёр Болотбек Тилек жана башкалар тартылууда", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Алып баруучу,алып баруучулар деп жазса туура болобу?