super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары Баткен облусуна барды. Жашоочулар мектеп имаратына көчүрүлдү

 

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Баткен облусундагы коомдук тартипти сактоо жана абалды турукташтыруу үчүн Баткен облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында болгон. Анда Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны Тажик жарандары таш ыргытып, терезелерин талкалап салышкан.

Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Баткен районунун Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Ш.га таандык болгон Фольсваген Гольф-4 үлгүсүндөгү унаасына Тажик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин талкалашкан.

Аталган маалыматтар Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө жүрүүдө.

Андан сырткары, саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Тажикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Азыркы учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган жарандар жок.

"Түнү менен милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарынын коопсуздугу эске алынып, ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлдү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде чек ара кызматы менен бирдикте коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде, белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган.

Болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, саат 01:40 чамасында Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан.

Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирген.






Баткенде кайра чыр болду. Тажик тарап таш ыргытып, ок атты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
10.01.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тажаттыңар тажиктер
10.01.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыштын суугунда жон эле журбойбу десен тажиктер. Алар суйошуу, келишуу деген нерседен тушунугу жок калк болобу кандай ?
10.01.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Absamat-90,өтө өтө умный калк болот. Фудбол ойногондо деле көрсөңөр керек өлүмүш болуп жатып алып убакыт созгон
10.01.2020. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ворухту жаап салышбайбы эркелете бербей
10.01.2020. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тажиктер мынча кастанат
Озбеги деле кол салат
Жеримди басып тебелеп
Кытайлар журот чалкалап
Катыра бууп белинди
Коргойлу элим жеримди
Эл жердин камын ойлобой
Элиталар семирди
10.01.2020. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,кечиресиз минус басылып кетти
10.01.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ворухту жап чек араны жап Баткенди закрытие зона кылыш керек тажатты. Жанга жан канга кан...
Мамлекет конкреттүү сокку урса жакшы болмок.
Omush94 түзөттү 2020-01-10 11:12:13
10.01.2020. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул деле сокенин реалдуу кадамдарга бара албай жатканын тушундурот границаны жабыш керек срочно
10.01.2020. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин жеп ичкичтер жеп ичкенден башка эл тагдырын качан ойлонот экен
10.01.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балким бийлик озу уйуштургандыр арам максатына
10.01.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элдин конулун беткенге буруп оздору бул жакта бир нерсе саталы деп
11.01.2020. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге мындай абалдан чыга албайбыз Кыргызым? Россияда журот кыздар тажиктерге убактылуу катын болуп эмнеге!?
SUPER.KG видео
11.01.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан токтойт ушундай корунуштор? Тажиктерди чекеден эле ата бергим келип кетти.
SUPER.KG видео
11.01.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту жогору жак конкреттуу чечим качан кабыо аласынар, ушунчалык кыйынбы чечим кабыл алыш? Же .....
SUPER.KG видео
13.01.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим озуно Бекем бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: