"Өз кызы атасын укпаса төшөккө тарткыла" деп билдирүү калтырган жаранга карата Муфтияттын жообу
Өлкөдөгү үрөй учурган окуялар, алардын арасында өз атасынан кош бойлуу болду деген маалыматтар интернет желесинде талкууга алынып келет. Ошондой талкууга алынган маалыматтардын бирине социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн пикирин башка нукта калтырып кеткен.
"Куранда уруксат берилген, кызы өз атасын укпаса төшөккө тарткыла деп. Ошондуктан мусулман өлкөлөрүндө өз атасынан боюнда болуп калгандар дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат. Таң калбагыла, биз мусулман өлкөсүбүз!" - деген пикирин калтырган.
Интернет колдонуучунун билдирүүсү кызуу талкууга алынып, зордуктагандарды актап жатышат деген сындар айтылды.
Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы сынга кабылган билдирүү боюнча буларды айтат.
"Куранда мындай нерсе айтылган эмес. Бул чагымчыл жана курулай доомат. Билдирүүнүн автору тообо кылып, айткан сөзүнөн кайтышы керек!" - деди маалымат кызматынан.




Бейиш эненин таманында деп айтылат ИСЛАМДА.
Каяша мындай турсун АТА-ЭНЕНЕ "УФФ" деген созду айтпа деп жазылат КУРАНДА.100адам согунсо конул бурбайсынар дагы 1молдо согунуп калса паника кылып жабалактап баса каласынар.ИСЛАМ-ИДЕАЛЕН,А ЛЮДИ НЕТ!
Жиндерин менен кете бер!
Бирок даарылык учун медицинский спирт(арак эмес) колдонсо болот деп айтышат.
.
Атамбаевдин "балп,балп" этип коёрун баары билип буткон,ошон учун анын ал созу талкууга татыган жок болуш керек.