super.kg logo

"Акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жаштагы баланын апасы инисин кечирди. Иш өндүрүштөн кыскартылды

 

Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар баланын окуясы боюнча кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш 26-декабрда соңуна чыккан.

"Айыпталуучу С.Б.га Алтын-Казык жаңы конушунда 9 жаштагы баланы урушуп, аны унаанын артына байлап, көчөдө сүйрөп, денесине жаракат келтирилген деген айып коюлган. Сот отурумунда аныкталгандай айыпталуучу С.Б. жабырлануучу Ж.К.ны жөн эле коркутуп, бирок автоунаасына колун байлап сүйрөбөгөндүгүн көрсөткөн. Ал эми баланын апасы уулун таякеси жакшы көрөрүн, анын эч кандай күнөөсү жоктугун айткан. Ошондой эле баласына карата эч кандай күч колдонбогондугун, тактап айтканда, унаасы менен сүйрөбөгөндүгүн билдирген. Баласынын денесиндеги жаракат ал сарайга чыгып бара жатканда тепкич сынып кетип, ошондон улам жараат алганын айткан. Ал иниси С.Б.ны кечиргенин, ал моралдык жана материалдык зыянды толуктап бергенин кошумчалаган.

Ошондой эле башка дагы күбөлөр айыпталуучу С.Б. баланы унаасына байлап сүйрөбөгөндүгүн айтышкан. Сотто айыпталуучу баланы унаасына байлап сүйрөбөгөндүгү иш материалдары менен да, сот отурумунун катышуучуларынын көрсөтмөлөрү менен да аныкталган эмес. Ошондой эле иш материалдарынын ичинде курал катары колдонулган жип далил зат болуп табылган эмес.

Сот жогорудагыларды эске алып, соттук отурумда айыпталуучу С.Б. баланын мыйзамдуу өкүлү болгон апасы менен өз ара жарашып, ал жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө байланыштуу иш кыскартылган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калган жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.01.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эже ошол суйроткону чын болсо сиз бир тууганынызды кечиргенириз менен ( мумкун апаныздын давлениеси менен кечиргендирсиз) баланыз эч качан кечирбейт. Кантип ошончо эл коруп судуротконун анан аягында куболор жок жип жок болуп чыга келет. Жон эле эллешти деп койбойбу.
10.01.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сүйрөткөнү чын.
11.01.2020. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызбайский жумуш болуптур. Баланын психикасы ото бузулду. Апасы деле айла жоктон кечиргендир
11.01.2020. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бармак басты,коз кысты болуптур да. Эч ким корбой,укпай,бирин бир аябай жакшы коруп калып,акча уурдалбай,жип табылбай иши кылса коммунизма жашоо болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: