super.kg logo

Асел Кадырбекова талкууга алынган видео үчүн кечирим сурады

 

Гив-оюну үчүн жарнамалык видео тартып, сынга кабылган ырчы Асел Кадырбекова кечирим сурады. Учурда чет өлкөдө эс алып жүргөн ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окурмандарына, күйөрмандарына кайрылып, адамдардан гумандуу болушун суранган.

Айтымында, видеодогу жаныбарларды өз көзү менен көргөн эмес. "Мен кимдир-бирөөнү кыйнап, эзип, өлтүрүп жаткандай жазыптырсыңар. Мен видеого тартылып кетип калгам. Кийинчерээк даяр болгон видеону алгам", - деген ал.

Мындан тышкары, Асел Кадырбекова эмнеге цирктер менен ушундай активдүү күрөшпөйсүңөр деген суроону окурмандарга узаткан.

"Силер эч кандай кыйынчылыксыз эле асылып, таш ыргыта турган адамды таап алдыңар. Бул акмактык! Эгер силер жаныбарлардын коргоочулары болсоңор, менин дарегиме эмес цирктерге, зоопарктарга жазгыла", - деп кошумчалаган.

Билдирүүсүнүн соңунда Асел айым видео үчүн өзүнүн, гив-оюндун уюштуруучуларынын атынан баарынан кечирим сурай турганын айткан.

Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова өздүк гив-оюнун уюштуруп, баш байгеге Range rover үлгүсүндөгү автоунаа коюлганын жар салууда. Оюндун видеосу социалдык тармактарга жүктөлөрү менен коомчулукта чоң нааразычылык жаратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.01.2020. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акмак экенсинер деп туруп, анан кечирим сурамыш болуп коюптур го. Ошол аюуну эле кошпой койсо жакшы эле корунмок экен эле.
10.01.2020. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тузууук, тузуууук Асел айым кечирим сураптыр. Кечирим суроо да бул эрдик.
10.01.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечирим суроону коро алган жокмун акмактык деп коюптур анын ордуна
11.01.2020. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гумандуу болгула,мырк болбогула!Таш ыргытпагыла,бул акмакчылык!Цирк, зоопаркка ыргыткыла ташынарды-деп кечирим сураганы эмнеси?
11.01.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ОЗУ биз даяр ишти сындап отурганы эле устабыз телефон артында баары патриот,куйумдуу,билимдуу маданиятту ищи кылса идеялдуу сезебиз озубузду.Бироонун кемчилигин эле андып турабыз.
13.01.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билгем акыркы убактарда туалетте кантип бошонгонунарды да инстага киргизесинер деп! Айырмасы жок акмактар деп ошол акмактар сага тамак алып берип ушул даражага жеткирди.Ошол сен айткан акмактардын акчасына башын айланып которо албай калыпсын!Адам бол акмак сен озун экенсинда акыры билдирипсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: