super.kg logo

Деңиз азыктарынын пайдасы. Балык жана деңиз азыктарын күнүмдүк рационго кошуубуз керек

 

Кыргызстандыктардын тамак-аш менюсунда балык жана деңиз азыктары таптакыр жокко эсе. Акыркы убакта жергиликтүү балык чарбаларындагы балыктарды колдонуу көбөйүүдө, бирок бул дагы жетишсиз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштоосу боюнча, бир адам бир жылда балык жана деңиз азыктарын 20 килограммдан аз эмес өлчөмдө колдонушу керек. Бирок орточо эсеп менен жылына бир кыргызстандык 1,7 килограммдан ашык эмес балык жана деңиз тамактарын колдонот.

Кытайда бул көрсөткүч 70 килограмм, Японияда 90 килограмм балык жана деңиз тамактарын пайдалануу көрсөткүчү бар. Ошон үчүн аталган өлкөлөрдө адамдар узак жашайт. Биздин өлкөдө анчалык көп өлчөмдө балыкты жеген салт жок. Ошону менен катар эле балыктын пайдасы нормалдуу жашоо шартында абдан зарыл экенин биле бербейбиз. Балыкты аз колдонгондуктан, өлкөдө аз кандуулук жана богок без оорулары көп. Мындан улам балык жана деңиз азыктарын күнүмдүк тамак рационубузга кошуубуз керек.

Деңиз азыктарынын пайдалуу курамы

Деңиз азыктарынын пайдалуу курамы көп болгондугу океандагы майлуу балыктарга тиешелүү. Өтө көп курамдагы эмес майлуу кислоталар болгон омега - 3, омега - 6 адамдын организмине жагымдуу таасир берет. Негизинен алар рак ооруларынын пайда болушуна, инфаркт, борбордук нерв системасынын иштешине, калыптанышына, организмдин жугуштуу ооруларга каршы турушун жогорулатат. Деңиз тамак-аштары тамак сиңирүү, холестериндин деңгээлин азайтууга жана организмдеги алмашуу процесстерине абдан пайдалуу. Деңиз тереңдигиндеги азыктарынын курамында жаратылыштын табигый белоктору көп болот. Ал адамдын организмин байытып, жакшы сиңет. Йод менен темирдин биригиши деңиз тамактарынын бардык түрүндө кездешип, адамдын мээсинин иштешинде пайдалуу. Деңиз тартуулаган тамактарды колдонгон адамдар депрессия жана стресске азыраак кабылышат.

Деңиз тамактарынын үч негизги өзгөчөлүгү

1. Деңиз тамактары калориясыз. Майлуу эт тамактарына салыштырмалуу балык тамактары диеталык. Калориясы төмөн болгон - мидии (100 грамм курамында болжолдуу 60 ккал), кальмар жана креветкиде -100 граммда 80 ккал бар.

2. Деңиз тамактары даамдуу, жегини гана келтирет. Ошол эле убакта чоң өлчөмдөгү белок тоок жумурткасында гана болот дейбиз. Бирок ал организмде сиңип, кайра аны иштетип чыгууда 5 саат убакыт талап кылат. Ал эми деңиз жандыктарынын белогу 2 эсеге тезирээк жайылып, тез сиңет.

3. Деңиз азыктары йод менен камсыздайт. Илгертеден бери деңиз капустасы эң баалуу азык болуп эсептелинет. Деңиз капусталарын деңиз женьшени деп аташат, анын пайдалуу курамында макро жана микроэлементтери менен жашоодо өзгөчө керектүү болгон йод микроэлементи бар. Бул элемент богок бездерге абадай керек, муну баарыбыз жакшы билебиз. Бирок органикалык йод деңиз тамактарынын курамында дагы бар болуп, ал ашыкча болгондо организмден табигый жол менен чыгып турарын биле беришпейт. Андыктан йоддун организмде өтө көбөйүп кетиши коркунучтуу эмес.

Өткөн жылы Кыргызстандын базарында Vici компаниясынан ар түрдүү деңиз азыктарынын түрлөрү келди. Алар океан балыктары, краб таякчалары, крабдын эти, креветки, мидии, деңиз коктейли, балык филеси, балык наггетс, сельд, семга, скумбрия сатыкка чыкты. Бул тамак-аштар табигый даамдары менен айырмаланып, курамдары өз мезгилинде текшерилген ошондой эле жогорку сапаттуулугу, (ГМО) жасалма кошулмаларсыз болгондугу менен айырмаланып келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.01.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Деңиз азыктарынан Балык эле жейбизда, калганы болбойтко жегенге.
10.01.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыныгы дениз азыктары бизге келбейт да. Жалан тондурулган, сапаты томон азыктар келет. Биз жеген балыктар дениз эмес,колдун-дарыялардын балыктары, пайдасы азыраак
10.01.2020. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,чөп чары пайдасы кетип калат!бирок бияктын балыктары деле бар пайдалуу!
11.01.2020. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеген пайдалуу. Бул жерде жогорудагы компаниянын рекламасын дагы кылып жатат.
11.01.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин жергиликтуу балык-чарбачылыгынын балыктары балчык даамданат, тилекке каршы. Чет жактан келгендер даамдуу болгону менен муздаткычта канча убакыт тондурулуп жатканын ким билет?
12.01.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоңдурулса сапаты кетип калабы? Мөмө жемиштерди тоңдуруп эле колдонуп атабыз го
12.01.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жебесенер койгула да. Эмне анча куйуп бышып. Жегендер жейт,жебегендер озу билет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: