super.kg logo

Вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 10-декабрда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленгени айтылды.

"Вице-премьерлер чек арага чектеш аймактардагы чыңалууну жоюу боюнча эки жакка бирдей болгон чараларды кабыл алуу маанилүү экенин айтышты. Алар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна 2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти. Ошондой эле тараптар биргеликте окуяны ар тараптуу иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессине жалпы көзөмөл жүргүзөт.

Учурда эки тарап тең чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
10.01.2020. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чек ара мамлекетттин эң назик жери. Негизи чек арабызды эгемендүүлүк алган жылдары эле тактап өткөрүп алышыбыз керек болчу бирок тилекке каршы ошол кездеги бийлик төбөлдөру ал кадамга барган эмес... Эми мынтип проблема жаралып жергиликтүү жашоочулардын шору куруп турган кез. Бакиевдин убагында болсо Мадумаров кыргыздын жерин тажиктики деп таанып өзүбүздүн жерибизди өзүбүз аренлага алып отурабыз..... Тажиктерге барып бирдеме десең эле протокол менен бетке чабышат....
10.01.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тажиктер эмнеден коркмок эле барып бирдеме десең 2009-жылкы Мадумаров кол коюп Тажиктерге жерди өткөрүп берген протоколду көрсөтөт да мына эми жөнө биз кааласак курулуш кылабыз, кааласак дыйканчылык кылабыз дешет... Не кыласың анан? Азыркы заманда документ сүйлөйт да Мадумаровго кайрылат элем кичине болсо да жоопкерчиликти сезип Баткен элинен кечирим сурап койсун.
10.01.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баарыбызга сабырдуулук тилейм. Дипломатиялык жол менен гана чечүү керек башка жолу жок уже. Мадумаров мен чечкем маселени деп тайраңдап чыккан эле кандай чечилгени бүгүн даана билинип калды. Кыргыз тараптын эмес тажик тараптын кызыкчылыгы корголгону ачыкка чыгып отурат. Мадумаров өзү айткандай келечек муун келип чечип алабы же келечек муунга жетпей ал жерлер зым менен тосулуп кетеби белгисиз....
10.01.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чек ара маселеси оңой олтоң маселе эмес. Демаркация жана делимитация маселеси оор маселе. Ал иш-чаралар айлап жылдап созулуп отуруп чечилет анткени эч кайсы тарап чек-ара маселесинде утулгусу келбейт. Утулуган тарап келечек муунга жооп берүүнү ойлойт, чечүүнүн бир топ жолдору бар ага бир тарап макул болсо экинчи тарап макул болбойт ошентип сүйлөшүулөр узакка созулат... Чек ара боюнча мамлекеттин өзүнүн мыйзамдары, ошол мыйзамдын купуялуулуктары болот.
10.01.2020. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тажик тарап урупда ойнобойт Кыргыздын чимкирик бийлигин, калп эле сүйлөшүмүш болуп коё беришет. Жеңиш Раззаков атыңада Фамиляңада татыксызсың, ордуңу бошотуп кетип эле калчы.
10.01.2020. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул Жениш кыйратпайтго 10 жолу суйлошту тажиктер менен бир майнап чыкпады
10.01.2020. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш баланы алдагандай эле алдап койо берет экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: