super.kg logo

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Марат Турдукулов 18 жылга эркинен ажыратылды

 
26-ноябрь күнү Аскер сотунун судьясы Марлен Тентимишов М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды. Медет Садыркулов, айдоочу Кубат Сулайманов, Өмүрбек Осмонов жана  эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченконун өлүмү тууралуу кылмыш иши Аскер сотунда 2012-жылдын жаз айларынан бери каралып, кылмышка тиешеси бар деген 10 адамдын 3өөсүнүн күнөөсү кечирилген. Соттун чечими менен жогоруда аталган кылмышка тиешеси бар деп 7 адам төмөнкүдөй жаза алышты. 
    Мамлекеттик коргоо кеңешинин капитаны Марат Турдукулов күнөөлүү деп табылып, Кылмыш кодексинин 305 жана 30-97-беренелери менен 18 жылга эркинен ажыратылды. УМККнын атайын багыттагы "Альфа" бөлүгүнүн мурунку кызматкери Бакыт Байжанов Кылмыш кодексинин 123 жана 30-97-беренелери менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Коопсуздук агенттигинин мурунку башчысы Эргешбек Маткайымов да 15 жылга эркинен ажыратылса, Мамлекеттик коргоо кеңешинин мурунку офицери Азизбек Кожошевге мунапыс берилип, Кылмыш кодексинин 339 жана 241-беренелери менен 3 жылга эркинен ажыратылды. Бишкек шаардык ИИБинин башчысынын мурунку орун басары Нурланбек Темирбаев Кылмыш кодексинин 339-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бирок мунапыс берилгенине байланыштуу эркинен ажыратылган жок. Бул адам 7-апрель окуясына байланыштуу камакта калтырылды. Чек ара кызматынын мурунку башчысы Замир Молдошев 339- жана 304-беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Алманбет Анапияевдин жан сакчысы Садык Бөрүбаев Кылмыш кодексинин 97, 350, 346-беренелери менен 18 жылга эркинен ажыраталды. Эске салсак, К.Бакиев президент учурундагы Президенттин Аппарат жетекчиси Медет Садыркулов, Кубат Сулайманов, Өмүрбек Осмонов, Сергей Слепченколор 2009-жылы 13-октябрда өлтүрүлгөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.11.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолору туура аныкталган болсо анда азаматсынар биздин соттор. Анан жебеген самсыга акча толоп журбосун дейм да. Мурда эле ушинтип камаш керек болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: