super.kg logo

Бишкекте Кыргыз-Азербайжандын "Достук" паркы курулат

 

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргыз-Азербайжандын "Достук" паркы курулат. Бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда паркты курууга капсула салуу аземинде айтканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда орто мектеп куруу ниетинде. Мамлекет башчы бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.

Парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргыз мамлекетине боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.01.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай кыз-жигиттердин өбүшүп, кучакташып жатып, жүрө турган пайдасыз парктарга жайлар даяр берилет, стадион комплексине келгенде жер жок, ай сабатсыз бийлик, келечеги жок караңгы, туңгуюкта жаткан арсыз, обу жок бийлик!!!(((
Модератор admin_media түзөттү 2020-01-12 22:28:24
10.01.2020. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азербайджанда Кыргызстан тууралуу бир парк жее бир башка нерсе бар бекен озу
10.01.2020. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкекке ишкана ачса болбойбу.Кадам сайын парк чайкана тойкана самсыкана.Элдер иштеп бала чака багалыбы же ойноп кулуп кафелеп журо берели и
10.01.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кооз сейил бактардын курулганы жакшы нерсе. Бирок биринчи кезекте чече турган ото орчундуу маселе бул чек араны тактоо, каттоо, тосуу!
11.01.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akmanai, Абдан туура айтасын досум алдыда башка маанилуу иштер турганда мындай келишкендик туура эмес борбор шаарда эч кимдин оюнда жок сейилдеп жургондо,чет жакта жашаган бир туугандарыбыз оз уюндо кенен жашай албай, ок атуулар болуп жатат Кыргыз элим биз бир элбиз азыркы убакта дагы да биримдиктуу болуп бири бирибизге жолок болушубуз керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: