super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч

 

Кыргыз-Тажик чек арасында жашаган элдердин коопсуздугун милиция толугу менен көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз-Тажик чек арасына биргелешкен күзөт күчөтүлүп, күнү-түнү милиция кызматкерлери элдин коопсуздугун сактоодо. Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы:

9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде, белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган.

Болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, саат 01:40 чамасында Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан.

Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
11.01.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку Кеңеш такталган чек араларды мыйзамдаштырып берет. Бул жерде милдет түздөн-түз өкмөттө. Алар тынымсыз иш аракеттерди жүргүзүшү керек. Чек ара боюнча комиссиянын курамында ар кандай мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү бар. Тилекке каршы, алар алмашып иштен кетип калат, мындайча айтканда туруксуз. Биринчи кезекте комиссияга макам берүү зарыл. Комиссиянын ыйгарым укугун кеңейтүү шарт.
11.01.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле болгулачы. Кыш суук карапайым элге эле кыйын байкуштарым. Баарыбызга сабырдуулук тилейм.
11.01.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тынч жол менен суйлошуулорду жургузууго болот. Улам элди которуп чыгып жаткандар башкалар болуп журбосун. Болбосо эки элге тен тынчтык керек
11.01.2020. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Да,баары тынч,все отлично,все хорошо
11.01.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир аз турса тынчып калат келе берсенер болот. Бирок дагы чыгат жаңжал кайра барасыңар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: