Таласта жарадар болгон ак илбирске операция жасалып, башынан 18 бытыра алынды (сүрөт)






Таласта жарадар болуп, Бишкекке алып келинген ак илбирске операция жасалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, операция кечээ, 10-январда Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык клиникасында жасалган.
"Илбирстин башына ок тийген. Анын денесинде 70 бытыра бар болгону аныкталды. Операцияда илбирстин өмүрүнө коркунуч туудурган 18 бытыраны алып чыгышты. Эми илбирстин абалы турукташып калганда дагы операция жасалып, калганын алышат. Азыркы абалы оор, бирок туруктуу. Илбирс бүгүн операциядан кийин бир аз басып калды. Биздин кызматкерлер укук коргоо органдарына кайрылган. Азыр алар жаныбарга ок аткан адамды издеп жатышат", - дешти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле бул ишти Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган.
Ак илбирсти 9-январда жергиликтүү тургундар жана Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан. Тургундар тарабынан тартылып алынган видеодо ак илбирс дарактын башына чыгып кеткен. Кийинчерээк ал жаракат алганы аныкталган.


















1 |