Жумгалдан дагы бир ак илбирсти Бишкекке алып келишти




Бишкекке Жумгал районунан дагы бир ак илбирсти алып келишти. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, илбирсти Жумгал районунун Кашка-Суу кыштоосунан жергиликтүү тургундар көрүп калып, кабар беришкен.
"Илбирстин болжолдуу жашы 11-12де. Ал бирөөнүн короосуна кирип кеткен. Ал картайып калгандыктан, тамак таап жей албай калган. Азыр ветеринарлар аны карап жатышат. Дарылай турган болсо дарылашат", - деди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:52
2025-09-13

19:00
2025-09-12
Рейтинг:
0

Катар катар борборубузга катташып. Эми Ысык-Колдун, Оштун ак илбирстерин кутобуз.