super.kg logo

Австралияда жаныбарлар үчүн тик учактан сабиз, картошка ыргытылып жатат

 

Австралияда жаныбарлар үчүн тик учактан сабиз жана картошка ыргытылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мындай чара өрттүн кесепетинен азыгы, тоюту жок калган аймактарда жашаган кенгуру түркүмүнө кирген валлабилер үчүн уюштурулганы айтылды. Өлкөнүн энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Мэтт Кин операция Түштүк Уэльс аймагында жүрүп жатканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. Демилге социалдык тармактарда көп деле колдоого алынган эмес. Кээ бир колдонуучулар мындай чечим экономикалык чыгымды гана көбөйтө тургандыгын эскертишкен. Ал эми экоактивисттердин бири: "Мындай ыкманы канча ай уланталы деп жатасыңар же бул сүрөт үчүн эле тартылган бир күндүк акциябы? Болбосо жума сайын сүрөттөрдөн турган отчётту жарыялап тургула", - деген.

Буга чейин Австралия өлкөсүнүн аймагында өткөн жылдын, тагыраагы, 2019-жылдын октябрь айында өрт чыкканы айтылган. Токойду каптаган тилсиз жоо бүгүнкү күнгө чейин өчүрүлө элек. 5 миллиондон ашуун гектар аймакты жалмаган өрттүн кесепетинен 24 адамдын өмүрү кыйылып, 500 миллиондон ашуун жандык, анын арасында 8 миңдей коала күйүп кеткенин батыш маалымат булактары жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.01.2020. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Коала кандай жандык экен?
13.01.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talaa11,Дарака тырмышып журот,ичинде баласын саоып алчуу чонтогу бар.
13.01.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talaa11,фантага окшош сары жандык
13.01.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talaa11,Крокодил туркумуно кирет
13.01.2020. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер туура информация бербейсинерби кочуруп же которсонор да. Австралияда 7 Штат жок. 6 гана официально Штат бар. Штаттын баарында токтобой жатат дегенинер туурамес, азыр токтоду, кургак токойлуу жерлерде гана 3 Штатта болду. Дезинформация!
14.01.2020. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
auditor,- басылып кетти. ++++++++++
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: