super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасына жакын Көк-Таш айылынын тургундары: "Бизге Баткендин, Көк-Таштын ар бир метри алтындан да баалуу"

 

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Жоробай Байзаков президентке, өкмөткө кайрылуу жасап жатып, Кыргыз-Тажик чек арасында ок атуу, таш ыргытуу өңдүү көрүнүштөр адатка айланып бара жатат деп билдирди.

"Көк-Таш, Баткен, Кыргыз мамлекети ата-бабалардан калган жер, ошол жерден биздин балдардын күлкүсү чыгып, эч бир коркунучсуз абалда чоңойсо деп тилейбиз. Тилекке каршы, күндөн-күнгө ал жерде улут аралык кастык күчөп, жаңжал ырбап жатат. Биз үчүн Көк-Таш айылынын ар бир метри алтынга алмашкыс баалуу. Бул жер маселесине кайдыгер карабай, ушул абалды эртерээк чечип беришет деп үмүт артып келдик", - деди ал.

Абдулла Назаров аттуу Көк-Таштын тургуну да сөз сүйлөп, абалдын ырбап баратканы өкүнүчтүү деген оюн айтты. Ал белгилегендей, Кыргыз жана Тажик жарандарынын үйлөрү аралаш болгондуктан, 2 бала уруша кетсе да улуттар ортосунда чыр чыгып кетүүдө. Мындан улам такталбаган аймактарга тактоо киргизип, тынчтыкты, ынтымакты камсыздоо учурдун чоң талабы болуп турат.






Баткендин тургундары Куралдуу күчтөрдү түштүккө көчүрүүнү суранышты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.01.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура айтасыздар бир гана сиздерге эмес бизге да 1 метр жер кымбат. Мадумаровту Баткенге чакырып отчет алыңыздарчы! Неге жерди берип ийген?
13.01.2020. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Албетте, жер өтө баалуу байлык. Эгер мурдагы айрым саясатчылардын аңкоолугу болбогондо чек ара маселеси мурда эле чечилип калмак.
13.01.2020. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылаарын кылып былтыйып, бугун бийлик кызмат берсе иштейт элем деген адамды ошол жерге алып барып,жок дегенде эки жыл чек ара кайтартуу керек. Азыр учурдун талабы ошол, Жер саткан кандай экенин жон тери менен сезсин.
13.01.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баткендик туугандар силер жалгыз эмессинер жалпы кыргызстандыктар силерди карап турабыз биз силер мененбиз
13.01.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
chake,келбейсинби анда баткенге биз силер менен дебей
13.01.2020. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chake,именно чек арадан 20 сотыхдан жер берилип атат. Кочуп барсанар болот
13.01.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мадумаров бүтүндөй Баткен элине чыккынчылык кылган. Кезинде маселени чечтим дегени менен чынында кандай чечилгени, кандай чыккынчылык кылганы мына бүгүн билинип отурат. Оорууну жашырсаң олум ашкере кылат, кыңгыр иш кырк күндө билинет деген макалдар ушул Мадумаровго 100% тиешелүү! А бүгүн болсо ошол Баткенге басып барганга духу жетпей аны бийликке оодарып коюп отурат өзү жаман көрүнгүсү келбей. Адахан амалкөйлүк кылдым деп ойлоп жатса жаңылышат...
Alimbek1000 түзөттү 2020-01-13 11:40:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: